АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдүн токтошу мүмкүн экенин комментарийлеп жатып, бул АКШнын кайрадан аскерий соккуларга өтөрүн билдирбей турганын айтты.
“Бул биз бардык жакка бомба таштай баштайбыз дегенди билдирбейт”, - деди ал NBC телеканалына берген маегинде.
Трамптын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндөгү кыйынчылыктарга карабастан, Вашингтон дипломатиялык жолдорду кароону улантат.