Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка айыл аймагында логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу 2-июнда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 1-июнда тиешелүү үч тараптуу келишимге кол коюу аземи өттү.
Аталган логистикалык борборду куруу иши Кыргыз-Азербайжан фондунун колдоосу менен ишке ашырылат. Анын кубаттуулугу 500 тонна жемиш сактоого жетет. Ишкана ушул жылдын сентябрь айында ишке берилет.