Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медер Алиев өзү тууралуу жалган маалымат тарап жатканын билдирди.
"Фейсбукка бир макала чыгыптыр, Медер Алиев күзүндө президенттик шайлоого катышат деген. Урматтуу туугандар, так айтып коёюн, менин андай оюм жок, болгон да эмес. Президенттик бул оюнчук эмес, ар ким эртең менен тура калып эле катыша бере турган",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.