Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиевадан сын укту.
Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында Алиев эл өкүлү Жылдыз Садырбаеванын айткан пикирине комментарий берүүгө аракет кылды. Анын иш-аракети Сурабалдиеванын ачуусун келтирди.
"Мэриянын кызматкерлери, депутаттар сүйлөгөндө сөз талашпагыла да. Эгер суроо берсе, жоопту күтөт. Депутат ой-пикирин айтып жатат, сизге суроо берген жок",- деди Сурабалдиева.