Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунда селден жабыркаган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлдү. Бул тууралуу 2-июнда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалым болгондой, табигый кырсыктан жабыркаган бир жаранга 500 миң сом, дагы бир жаранга 80 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу кенемтеси тапшырылды.
Мекеме жарандарды турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандырууга чакырат.