Биз социалдык тармакта

Ошто 158 миң тургун таза суу менен камсыз болот

Ош облусунун 158 миң тургуну таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Долбоор боюнча тиешелүү жетекчилер Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ага ылайык, бул Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы 32 айылдын тургунун камтыйт. Учурда бул аймактарда 158 миңге жакын адам 1950-1980-жылдары курулган эски суу түтүк системдерин же коопсуз эмес суу булактарын колдонууга аргасыз.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн долбоордун бюджети 66,7 миллион долларды түзөт. Фонд 60 миллион доллар өлчөмүндө насыя берет. Өз кезегинде Кыргызстан 6,7 миллион долларды кошумча каржылайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан