Биз социалдык тармакта

Жанар Акаев Ошто эми жүргүнчүлөрдү заманбап электробустар ташый турганын билдирди (видео)

Бүгүн, 2-июнда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мэриядан билдиргендей, оңдоп-түзөө иштеринин алкагында кызматкерлер үчүн заманбап ашкана жана 28 орундуу мейманкана уюштурулуп, эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар иштер аткарылган.
Шаар мэри мекеменин жамаатына ийгиликтерди каалап, жакынкы аралыкта Ош шаарына заманбап электробустар алып келинери күтүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле муниципалдык транспорт тармагын өнүктүрүү, жүргүнчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу шаар бийлигинин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Жанар Акаев Ошто эми жүргүнчүлөрдү заманбап электробустар ташый тургандыгын билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан