Биз социалдык тармакта

Ирандын президенти менен Япониянын өкмөт башчысы телефондо сүйлөштү

Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу эл аралык басылмаларда жазылды.

Такаити анда Ормуз кысыгы аркылуу бардык өлкөлөрдүн кемелерине уруксат берүү зарылдыгын белгилеген.

Өз кезегинде Пезешкиан эгерде Япония Иранга эң зарыл товарларды жана дары-дармектерди берсе, Иран япондук кемелердин жүрүшүн жеңилдетерин билдирген.

Сүйлөшүүнүн аягында Ирандын президенти Япония өкмөтүнүн башчысын өлкө япон кемелери эч кандай көйгөйсүз жана мүмкүн болушунча жеңилдетилген жол менен өтүүсү үчүн зарыл болгон күч-аракеттерди жасай турганын белгилеген. Ал эми Такаити Иран менен АКШнын ортосунда тез арада тынчтык келишими түзүлөрүнө үмүттөнөрүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан