Ош шаарында №49 мектепке кошумча салынган 148 орундуу жаңы имарат пайдаланууга берилди.
Мэриядан билдиргендей, билим берүү уясы кошумча корпус менен жалпы 630 окуучуга ылайыкталды. Мектепте окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилинде жүргүзүлөт.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Бекмырза Эргешов, шаардык кеңештин депутаттары, тургундар жана мугалимдер катышты.
Ош шаарында дагы 16 билим уясынын курулушу жүрүүдө.