Биз социалдык тармакта

Японияда катуу бороондон улам 47 миңден ашуун тургун жарыксыз калды (видео)

Япониянын түштүк-батыш бөлүгүнө күчтүү тропикалык "Жангми" бороону сокку уруп, миңдеген үйлөрдү электр жарыгысыз калтырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Кагосима аймагында 30 миңден ашуун, ал эми Окинавада дагы 17 миңдей үй чарбасы шейшемби күнү эртең менен электр энергиясынан ажыраган.

Япония өкмөтүнүн башкы катчысы Минору Кихаранын айтымында, бороондун кесепетинен Окинавада 9 адам жабыркаган.

Мындан тышкары, өлкөнүн эң ири авиакомпаниялары болгон All Nippon Airways жана Japan Airlines дүйшөмбүдөн шаршембиге чейинки мезгилге пландалган 600гө жакын каттамды токтотту.

Японияда катуу бороондон 47 миңден ашуун тургун жарыксыз калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан