Өзбекстандын Ташкент шаарында 27-29-май күндөрү кыздар жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия кубогу өттү.
Калаанын Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдагандай, мелдешке 11 мамлекеттен келген 692 спортчу катышты.
Мелдештин жыйынтыгында Бишкек шаарынын спортчулары байгелүү орундарды ээлешти. Алар:
- Акматова Сумая (+70 килограмм) - 1-орун;
- Ырысдолотов Мухаммедали (90 килограмм) - 3-орун.