
Талас облусунун Айтматов районундагы Айтбаев атындагы орто мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 2-июнда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, жооптуу кызмат адамдары аткарылбаган курулуш иштерин мыйзамсыз түрдө кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Натыйжада подряддык уюмга негизсиз түрдө 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражат төлөнүп берилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.