Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болушу боюнча референдум талапкер макамын алгандан кийин гана караларын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Армения алгач Евробиримдикке талапкер өлкө макамын алышы же расмий түрдө мүчөлүккө арыз бериши керек.
“Азырынча мындай кадам жасала элек, ошондуктан референдум өткөрүү маселеси күн тартибинде жок”,- деди Пашинян.
Премьер-министрдин билдирүүсү өлкөнүн Евробиримдик менен кызматташтыгын кеңейтүү боюнча талкуулар уланып жаткан учурда айтылды.