
Чүй облусунун Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясында каза болгон жигиттин өлүмү боюнча тергөө уланууда. Бул тууралуу облусттук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-августунда Кожомкул айылынын А.А. тургуну теңтуш балдары менен Көкөмерен дарыясына балык уулоого барышкан. Ал жактан аталган жаран ат менен дарыяны кечип өтүү учурунда ат тең салмактуулугун жоготуп, сууга кулаган. Натыйжада дарыянын катуу агымы бир канча метр ал адамды агызып кеткенде теңтуштары куткарышкандыгы тууралуу көрсөтмө берилген. Тилекке каршы, аталган жаран ооруканада каза болгон.
Аталган факты боюнча 2025-жылдын 3-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин негизинде кандайдыр бир кылмыш жасалганын тастыктаган жетиштүү далилдер табылган эмес.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаевдин эл менен жолугушуусунда каза болгон, 19 жаштагы маркумдун апасы М.Ж. уулунун өлүмү боюнча нааразычылыгын билдирген. Аталган кайрылуунун негизинде тергөө амалдары улантылып, иш боюнча бардык жагдайлар кылдат текшерилүүдө.