Балдарды коргоо боюнча эл аралык күнүнө карата О! уюлдук оператору кызматкерлери менен биргеликте кайрымдуулукка жарым миллион сомдон ашык каражат которду.

Республика боюнча 500дөн ашык муктаж балдар майрамдык иш-чараларга катышып, белектерди алып, колдоого ээ болушту.

Системалык камкордук жана келечек үчүн технологиялар
О! үчүн бул колдоо туруктуу мүнөзгө ээ: компания жыл сайын өзгөчө муктаж болгондорго багытталган жардам көрсөтөт. Ошол эле учурда оператор өлкө боюнча түйүндөрүн тынымсыз өнүктүрүп жатат, анткени башкы максат - Кыргызстанда жашаган жерине карабастан, ар бир балага билим алуу жана ар тараптуу өнүгүү үчүн заманбап технологияларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
О! компаниясы жалпы ишке кошкон салымы үчүн кызматкерлерин жана өнөктөштөрүн куттуктайт жана айлана-чөйрөнү балдар үчүн жагымдуу жана коопсуз кылуу – бул бирге гана чече ала турганмилдет экенин эскертет.

КР МТБМК алдындагы МБАнын 06.12.2016: № 16-0062-КР, 16-0063-КР лицензиялары. Толук маалымат: o.kg