Биз социалдык тармакта

Өзбекстандын футболчулары жолдоштук беттеште жеңилүү ызасын тартып калышты

Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жолдоштук беттеште Канаданын курама командасына 0:2 эсебинде жеңилип калды. Оюн Эдмонтон шаарында өттү.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, беттештеги голдорду 58-мүнөттө Жонатан Осорио, ал эми 90+1-мүнөттө Майкл Нельсон киргизди.

Эки команда тең алдыдагы Дүйнө чемпиондугуна даярдык көрүүдө. Өзбекстан курама командасы кийинки оюнун 8-июнда Нидерланддарга каршы өткөрөт.

Эскерте кетсек, 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугу 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Турнирге тарыхта биринчи жолу 48 курама команда катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан