Каракол шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнү өзгөчө шаң менен белгиленди.
Майрамдын алкагында балдар үчүн 20 батут, 16 ири үйлөмө аттракцион, кызыктуу оюндар жана чыгармачылык мастер-класстар уюштурулду.
Ошондой эле борбордук аянтта өткөн концертте белгилүү ырчы Амирчик, орусиялык “Дискотека авария” тобу жана жаш таланттар өнөр көрсөтүп, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулашты.
Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.