Биз социалдык тармакта

Венгрия Украинанын ЕБге кошулуу сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болбойт

Венгрия Украинанын ЕБге кошулуу сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болбойт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Басылмалардын маалыматына караганда, Венгрия Украинанын Европа Биримдигине мүчө болуу өтүнмөсүнө каршы мурдагы позициясын жумшартууга даяр экенин билдирген.

Маалыматка ылайык, бул чечим Украинага жакынкы күндөрү Европа Биримдигине кошулуу боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүнчүлүк түзүшү мүмкүн.

Буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинанын ЕБге мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрүнүн башталышына бир нече жолу каршы чыгып келген.

Эгер маалымат ырасталса, бул Украинанын Европа Биримдигине интеграциялануу жолундагы маанилүү кадамдардын бири болуп калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан