Биз социалдык тармакта

Өзгөндө жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды

Өзгөн районунун Лесхоз айылында жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 3-июнда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ага ылайык, Бишкек–Ош унаа жолунун 631,55-чакырымында оор жүк ташуучу автоунааларды көзөмөлдөө үчүн тараза пункту убактылуу орнотулгандыгы аныкталган. Ошондой эле аталган жайдын жанына тийиштүү документтери жок контейнерлер коюлуп, жер тилкеси өз билемдик менен кеңейтилип пайдаланылганы белгилүү болду.
Аталган мыйзам бузуу боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, 100 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ал эми жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан