Биз социалдык тармакта

4-июндан 6-июнга чейин Бишкектин айрым көчөлөрүндө жол кыймылына чектөө киргизилет

4-июндан 6-июнга чейин Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу 2-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү өлкөдө Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт. Иш-чара мамлекеттик деңгээлде чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда өткөрүлөт.

Чектөөлөр төмөнкү маршруттар боюнча каралган:

  • Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин ("Манас" эл аралык аэропортунун жолу);
  • Чүй проспектинен Манас проспектине чейин;
  • Манас проспектинен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин;
  • Байтик Баатыр көчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан