
Чүй облусунда Facebook тиркемесиндеги билдирүүсү үчүн 60 жаштагы жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган облустун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-апрелде социалдык тармактарга, анын ичинде Facebook мобилдик тиркемесине жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө, З.А. аттуу аккаунт тарабынан жарыяланган маалымат аныкталып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, колдонуучу жайгаштырган материалдарда (Аймактык белгилери боюнча адамдын ар-намысын жана кадыр баркын басмырлоо, аймак аралык кастыкты козутууга багытталган лингвистикалык белгилери камтылган, ошондой эле аймактык аралык бөлүнүп жарылууга сөздөр ачык камтылган) белгилери аныкталган.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жыйынтыгында Жайыл районунун, Новониколаевка айылынын 1965-жылы туулган З.А. аттуу тургуну аныкталды. Учурда айыбын угузуу, жана баш коргоо чарасын тандоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө.