Биз социалдык тармакта

АКШда Израил менен Ливандын сүйлөшүүлөрү өттү

Израилдик жана ливандык тараптар Вашингтондо сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасын өткөрүштү. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Томми Пиготт Х социалдык тармагына жазган.

Айтымында, сүйлөшүүлөр 2-июнда өткөн.

"АКШнын Мамлекеттик департаментинде Израил менен Ливандын делегацияларынын жолугушуусу болду. Саясий деңгээлде жана коопсуздук тармагында жылыштар уланууда",- деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Пиготт АКШ сүйлөшүүлөргө көмөктөшүүгө даяр бойдон каларын белгиледи. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан