Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев Баткен согушунун катышуучуларына өзгөчө макам берүүнү сунуштады.
Эл өкүлү өкмөттү ардагерлерге берилчү социалдык жеңилдиктерди кеңейтүүгө чакырды.
"Мамлекет үчүн өз өмүрүн тобокелге салгандар өзгөчө камкордукка татыктуу. Мекенди коргогондордун эрдиги эч качан унутулбаш керек",- деди Калпаев.