Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 3-июндагы парламент жыйынында мектеп жана бала бакчанын аш тизмесинен чайды алып салууну сунуштады.
Айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө балдардын 95 пайызы тиштин кариесинен жабыркайт. Анын бир себеби - туура эмес тамактануу.
"Бул кайдан түзүлөт? Көбүнчө бала бакчадан жана мектептен. Биздин балдар бакчада кант жешет. Ал айранга, шербетке, боткого, булочкага, чайга да кошулат. Чайдын ордуна суу, кант кошулбаган айран, компот жана башка суусундуктарды берсе болот. Бакчада жана мектептердеги аш тизмеден чайды алып салуу керек",- деди депутат.