Биз социалдык тармакта

Парламент БШКнын мүчөлөрүн шайлады

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер каралды.

Жыйынтыгында депутаттар 8 талапкерди жактырышты. Жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык, БШКнын мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге кыскартылган.

Президент сунуштаган 4 талапкер:

  • Алмаз Айбалаев банкир, каржы адиси жана мамлекеттик кызматкер.
  • Русланбек Жакышов Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
  • Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты.
  • Бөдөш Мамырова Жогорку Кеңешинин V чакырылышында вице-спикер болгон.

Парламент сунуштаган 4 талапкер:

  • Тынчтык Шайназаров БШКнын төрагасы.
  • Сүйүнбек Касмамбетов мурдагы мамлекеттик катчы.
  • Лейла Лурова Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
  • Тимур Оторбаев инженер адиси.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан