Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган бүтүрүүчүгө жеңил унаа белекке берилери белгилүү болду. Мындан тышкары, ийгиликке жетишкен окуучунун мугалимине 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.
Бул демилге райондогу жеке ишкерлер тарабынан көтөрүлгөнү айтылууда.
Аталган маалымат боюнча видео интернет желелерине тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Социалдык тармактын колдонуучулары мындай демилге жаштарды шыктандырып, билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешүүдө.