Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө алгачкы жолу боз турна уя салды

Ысык-Көлдүн жээгинде тарыхта алгачкы жолу боз турнанын уясы табылды. Бул тууралуу 3-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 19-апрелде корукчу А. Калчаев Жети-Өгүз корукчасында боз турнанын уясын тапкан. Ал эми 24-майда ошол эле аймактагы талаанын четинде эки балапандуу боз турналардын жубу кездешкен. Учурда коруктун корукчулары турналарды көзөмөлдөп жатышат.
Белгилей кетсек, буга чейин 1958-жылы гана Чүй өрөөнүндө боз турнанын уя салуусу катталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан