
Салык кызматынын төрагасы
Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы Кесиптик бокс лигасынын ардактуу президенти болуп дайындалды.
Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, Шыкмаматовго ардактуу президенттин медалын Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов тапшырган.
"Бул статус мамлекетти курууга кошкон олуттуу салымы, укуктук системди өнүктүрүүгө, мамлекеттик бийлик институттарын чыңдоого кошкон эмгеги, активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүгү, ошондой эле спортту, жаштарды өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муунду патриоттук маанайда тарбиялоого багытталган демилгелерди колдоосу үчүн ыйгарылган",- деп айтылат билдирүүдө.