Биз социалдык тармакта

Бишкекте акциздик маркасы жок продукциялар аныкталды (видео)

Бишкек шаарындагы коомдук тамактануу жайларында акциздик маркасы жок алкоголдук жана тамеки продукциялары аныкталды. Бул тууралуу 3-июнда Салык кызматынан билдиришти.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 233 даана алкоголдук жана тамеки продукциясы, ошондой эле чет өлкөдөн чыккан 200 литр спирт камтыган суюктук алынган. Алардын ичинде акциздик маркасы жок 37 бөтөлкө арак жана 100 куту тамеки болгон. Тартып алынган продукциянын жалпы баасы 200 миң сомдон ашкан.
Аныкталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгени кабарланды.
Бишкекте акциздик маркасы жок продукциялар аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан