Биз социалдык тармакта

Мыктыбек Оролбай уулу UFC менен жаңы келишим түздү

Кыргызстандык ММА мушкери Мыктыбек Оролбай уулу дүйнөдөгү эң абройлуу аралаш мушташ уюму болгон UFC менен үчүнчү келишимине кол койгонун социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

UFC менен үчүнчү келишимге кол койдум. Алга, Кыргызстан!” - деп жазды спортчу.

28 жаштагы кыргызстандык мушкер UFC уюмундагы дебюттук беттешин 2023-жылдын 18-ноябрында өткөргөн. Ал мелдеш башталышына болгону беш күн калганда чакыруу алып, кыска мөөнөттө октагонго чыккан.

Учурда Мыктыбек Оролбай уулу – UFC уюмунда Кыргызстандын намысын ийгиликтүү коргоп келе жаткан спортчулардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан