
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 260-274-чакырымы түшкөн таштардан тазаланып, ачылды. Бул боюнча "Кыргызавтожол-Түндүк" мекемеси маалымдады.
Жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалар менен иш алып барган.
Мекеме айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты сактоону эскертти.