Чет элдик номурдагы унааларды мыйзамдаштырууну улантуу жүргүзүлөт. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Маалым болгондой, легалдаштыруунун мөөнөтү 1-сентябрга чейин болот.
Айта кетсек, өлкөгө мыйзамсыз киргизилген унааларды легалдаштыруунун экинчи мөөнөтүн баштоо маселеси байма-бай көтөрүлүп келген. Апрель айында президент чет элдик номурдагы унааларды мыйзамдаштыруу иштери жүргүзүлөрүн билдирген.