Кечээ, 3-июнда Индиянын Нью-Дели шаарындагы мейманканада өрт чыгып, Кыргызстандын 3 жараны каза болду.
ТИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, кырсыктан жалпы 21 адам каза таап, алардын арасында 75, 49 жана 22 жаштагы Кыргыз жарандары болгон. Мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү дарылануу максатында Индияга барышкан.
Учурда каза болгон жарандардын сөөктөрүн мекенине жеткирүү жана зарыл документтерди тариздөө маселелери иштелип жатат.