Биз социалдык тармакта

"Боз торгой" сериалы аркылуу атагы арткан актриса Фахрийе Эвжен 40 жашка чыкты

"Боз торгой" сериалы аркылуу атагы арткан түркиялык актриса Фахрийе Эвжен бүгүн, 4-июнда 40 жашка толду.

Ал Германиянын Золинген шаарында төрөлгөн. Апасы черкес, атасынын улуту түрк болгон. Болочок актриса татаал балалыкты башынан өткөргөн. Фахрийе сегизге толгондо Германияда түрктөрдү куугунтуктоо мезгили башталган. Актриса жашаган Золинген шаарында немис улутчулдары түрктөрдү уруп, үйлөрүн өрттөп, Фахрийенин үй-бүлөсү дайыма коркунучта жашап, эшикке чыкпай, бекинип жаткан учурлар болгон. Орто мектепти аяктаган соң Дюссельдорф шаарындагы Генрих Гейне университетинин социология факультетине тапшырган. 19 жашында апасы менен Стамбулга эс алганы келип, кокусунан киного тартылууга сунуш түшүп калган.

Фахрийе Эвжен биринчи жолу 2005-жылы "Эч качан унутпаңыз" тасмасында дебют жасап, режиссёрлордун көзүнө илине баштаган. Андан соң "Күзгү жалбырактар" сериалына тартылып, дал ушул сериалдан атак алганга жетишкен. Аталган сериалга тартылып жүргөн учурда Фахрийе Эвжен Стамбулдагы Босфор университетинде окуган. Тартуу иштерин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн окуусунан академиялык өргүү алууга мажбур болгон. Кийин карьерасын түптөш үчүн Германиядан апасын ээрчитип, Түркияга биротоло көчүп келген.

Фахрийе Эвжен "Кайгы", "Аллах жолунда", "Сеньора Эрика", "Сен менин үйүмсүң", "Боз торгой", "Улуу Селжук: Алп-Арслан" жана башка тасмаларда роль жараткан.


Актриса менен белгилүү актёр Бурак Өзчивит 2017-жылдын 29-июнунда баш кошуп, үлпөт тоюн Стамбулдагы Саит Халим-Паша тарыхый вилласында өткөргөн. Ага 500 адам чакырылган. Тойдун чыгымын Бурак Өзчивит өзү көтөрүп, 75 миң евро сарпталганы айтылган. Учурда жубайлар эки уулдуу тарбиялап келишет.

4-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан