Президент Садыр Жапаров “2026-2030-жылдарга Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлыктын максаты - шахматты калк арасында кеңири жайылтуу үчүн шарттарды түзүү жана шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системин калыптандыруу болуп саналат.
Буга байланыштуу өлкөдөгү 500 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 3-5-класстардын окуучулары үчүн кошумча шахмат ийримдери түзүлүп, "Мектептердеги шахмат" долбоору пилоттук режимде киргизилет.
Ошондой эле "Жылдын мыкты шахматчысы", "Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу" деген президенттин атайын сыйлыктары уюштурулат.