
Бүгүн, 4-июнда таңга маал Чолпон-Ата шаарындагы дүкөндөн өрт чыкты. Аны өчүрүү үчүн жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.
ӨКМдин Ысык-Көлдөгү башкармалыгы өрт өчүрүлүп, андан жабыркагандар катталбаганын маалымдады.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.