Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "Неэгохян" футбол клубунун айымдар курамасын куттуктады.
Түндүк Кореянын клубу өлкө тарыхында биринчи жолу Азия аялдар Чемпиондор Лигасында жеңишке жетип, финалда "Токио Верди" командасын 1:0 эсебинде жеңди.
Ким Чен Ын оюнчулар менен жеке өзү учурашып, ар бири менен кол алышкан. Лидердин аракети айымдарды ыйлаткан. Алар кол чаап, ордуларынан секиргенге чейин барышкан.