
Баткенде эки жаран айыл чарба багытындагы жер тилкелерине мыйзамсыз курулуштарды курганы аныкталды. Бул тууралуу 4-июнда Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Бул курулуштар Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Кеп-Таш тилкесинде жайгашкан. Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча жарандарга эскертүү берилип, ар бирине 40 миң сомдон доо коюлду.
Мындан тышкары, мыйзамга ылайык эки жаранга жалпысынан 6 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.