Ош шаарында Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү 4-июндан 11-июнга чейин жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалымдалгандай, мындай чектөө Рахманов көчөсүндөгү 4 тилкелүү жолдун курулушуна байланыштуу жүргүзүлүүдө.
Мэрия шаар тургундарын каттамдарды алдын ала пландап алууга чакырат.