
Өзбекстандын президенти
Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен өлкө башчы
Садыр Жапаровду куттуктады.
Мамлекет башчынын администрациясы кабарлагандай, лидерлер телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Мирзиёев БУУдагы колдоо Кыргызстандын эл аралык аброю жогору экендигинин, ошондой эле өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоого багытталган саясаттын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылгандыгынын айкын далили экенин белгилеген.
Садыр Жапаров Өзбекстандын лидерине жылуу куттуктоосу жана боордош Өзбекстандын туруктуу колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирген. Мамлекет башчысы шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстандын талапкерлигин жылдырууга Борбор Азия өлкөлөрү кошкон салымды өзгөчө айтып өткөн.