Ысык-Көлдө чет өлкөлүк жумушчулар иштеген 36 объект текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат объекттерде 5 өлкөдөн келген 768 чет өлкөлүк жарандын документтери каралганын белгилейт. Жыйынтыгында өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран аныкталган. Аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.
УКМК мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 64 административдик протокол түзүлгөнүн кошумчалады.