Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өлкө кайсы учур болбосун аскердик аракеттерди жандандырууга жана Израилге сокку урууга даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу Fars агенттигине таянып, чет элдик басылмалар жазышты.
ТИМ башчысынын айтымында, Ирандын куралдуу күчтөрү толук кандуу даярдыкта турат. Эгер Израил тараптан агрессивдүү аракеттер жасалса, дароо ага жооп кайтырылат.
Аракчи буга кошумча Иран менен АКШ ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгилеген.