3-июндан 4-июнга чейин Чүй облусунда "Бандит" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустун милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция бөлүмдөрүнө 43 жаран жеткирилип, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай профилактикалык иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп, коомдук коопсуздукту, укук тартибин камсыздоого жана жарандарды кылмыштуу аракеттерден коргоого багытталган.