Биз социалдык тармакта

Беларустун өкмөт башчысы Турчин Бишкекке келди (сүрөт)

Бүгүн, 4-июнда Беларустун премьер-министри Александр Турчин расмий сапары менен Кыргызстанга келди.

"Манас" эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды.

"Расмий сапардын алкагында Турчин Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушат, бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө. Мындан тышкары, айрым ишканаларга баруу жана кыргыз-беларус бизнес-форумунун ачылышына катышуу пландалууда",- деп билдирди Кыргыз өкмөтү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан