Биз социалдык тармакта

Гүлчөдө жаңы мектеп курулуп жатат

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында №2 Отунчиев атындагы 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталып, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жалпы наркы 193 миллион сомду түзгөн мектеп заманбап талаптарга ылайык салынууда.

Долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпусу, ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары бар спорт залы курулат. Имараттын жалпы аянты 2104 чарчы метрди түзөт.

Жаңы билим берүү мекемеси пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 600гө жакын окуучуга билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан