Биз социалдык тармакта

Коррупциялык схемага аралашкан деп 2 аткаминер кармалды

Эт азыктарынын импортуна квоталарды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча Ветеринардык кызматтын бир топ кызмат адамдары катышкан. Алар эт продукциясын импорттоо үчүн уруксат берүүчү документтерди жана тиешелүү квотаны бөлүп берүүдө акча алып турушкан.

Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Ветеринардык кызматтын аймактык башкармалыгынын жетекчиси жана улук инспектору акчалардын бир бөлүгүн кайтарып берип жатышканда колго түшүшкөн. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.

Учурда коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан