Биз социалдык тармакта

"100 миң долларга тартылды". “Наёмщиктер” тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү

Кыргыз, өзбек жана казак кино дүйнөсүнүн таланттуу актёрлорун бириктирген “Наёмщиктер” тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө күбө болдук.

Комедия жанрында тартылган фильм көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап, кызыктуу окуялары жана күлкүлүү эпизоддору менен өзгөчө таасир калтырды. Бул долбоор үч элдин чыгармачыл өкүлдөрүн бир аянтчага чогултуп, маданий байланыштын жана достуктун мыкты үлгүсүн көрсөтө алды.

Жабык көрсөтүүгө тасманын режиссёру, актёрлору жана атайын коноктор катышып, кино тууралуу ойлорун бөлүшүштү.

Кеченин жүрүшүндө тасма жаратуучулары бул кинонун экинчи бөлүгү да жакынкы аралыкта тартыларын, ага белгилүү казак актёру Куандык Шакиржанов катышарын билдиришти.

Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан