Биз социалдык тармакта

Ирандын Кувейттеги эл аралык аэропортко жасаган соккусунан бир адам каза болуп, 63 киши жаракат алды

Ирандын дрондору жана ракеталары шаршемби күнү эртең менен Кувейтке сокку урду. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, учкучсуз аппараттар Кувейт эл аралык аэропортунун жүргүнчү терминалын бутага алган.

Кол салуудан кийин аэропортто коммерциялык авиакаттамдар убактылуу токтотулду. Кувейттин Саламаттык сактоо министрлиги бир адам каза болуп, 63 киши жаракат алганын билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аэропорттун маанилүү объектилери жана айрым дипломатиялык өкүлчүлүктөр жабыркаган.

Ошол эле учурда АКШнын Борбордук командачылыгы Ирандын Бахрейн жана Кувейтке каршы жасаган чабуулдарынын көбү максатына жетпей калганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан