АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуу өткөрүү демилгесин колдой турганын билдирди. Ал мындай билдирүүсүн Ак үйдө журналисттерге берген маегинде айткан.
"Алардын жолугушуусу абдан жакшы болмок. Бул маселени жыйынтыктоого убакыт келди",- деп билдирген ал. Ошондой эле мындай жолугушуунун мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканына кубанычта экенин кошумчалаган Трамп.
Буга чейин Владимир Зеленский Путинге кайрылуу жасап, эки лидердин үчүнчү өлкөдө жолугушуусун
сунуштаган. Ал жолугушуу өтүшү мүмкүн болгон аянтча катары Швейцарияны, Түркияны жана араб өлкөлөрүн атаган.