Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча “Open Ulaanbaatar” эл аралык рейтингдик мелдешинде Азат Салидинов күмүш медалдын ээси болду.
Анда спортчу грек-рим күрөшү боюнча 87 килограммга чейинки салмакта катышты.
Дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдагандай, мелдештер 7-июнга чейин уланат. Азыркы учурда Кыргызстандын капчыгында 4 коло жана 1 күмүш медаль бар.